Аида Салянова дарылануусун улантууда, анын абалы канааттандыраарлык

15:32, 26 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова дарылануусун улантууда, анын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу анын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

«Ал дарыланып жатат. Операция качан болору белгисиз», -деди жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-августта Аида Салянова үй камагына чыгарылган. 19-августта Улуттук кардиологиялык борборго жаткырылган.