15:32, 26 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Мурунку башкы прокурор Аида Салянова дарылануусун улантууда, анын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу анын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.
«Ал дарыланып жатат. Операция качан болору белгисиз», -деди жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-августта Аида Салянова үй камагына чыгарылган. 19-августта Улуттук кардиологиялык борборго жаткырылган.