17:54
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Салык кызматы: 4 миң 803 субъектте уруксат берүүчү документтер жок болуп чыкты

Ушул жылдын 7 айында рейддик салык контролдун жана контролдук сатып алуунунун жыйынтыгында 9 миң 820 ар кандай бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бузуулардын ичинде — 4 миң 803 субъектте уруксат берүүчү документтер жок болуп чыккан.

«1 миң 392си патенттин жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберишкен. 643үндө контролдук-кассалык машина жок болгон, ал эми 237и бузулган ККМди колдонгон. Мындан тышкары, 1 миң 961 субъектте чекти бербөө жана урбай коюу, 24дө акциздик маркалардын жоктугу же туура келбегендиги боюнча фактылар аныкталган. Мындан тышкары 760ында бузуулардын башка түрлөрү ачыкка чыккан», -деп айтылат маалыматта.

Рейддик салык контроль жана контролдук сатып алуу менен бардыгы болуп 28 миң 76 субъектке жүргүзүлгөн, анын ичинен рейддик салык контролу менен 18 миң 964 субъект жана контролдук сатып алуу менен 9 миң 112 субъект камтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар