Адил Турдукулов ИИМдин тергөө башкармалыгына сурак берүүгө чакырылды

16:41, 23 августа 2019, Бишкек - 24.kg

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМдин тергөө башкармалыгына сурак берүүгө чакырылды. Ал 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуя боюнча сурак берет. Бул тууралуу ал Фейсбукка жазды.

Айтымында, ал суракка бүгүн саат 17:00гө барат. ИИМ Адил Турдукулов күбө катары чакырылганын айтты.

Эске салсак, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча суракка Жогорку Кеӊештин депутаты Асел Кодуранова, мурунку депутат Равшан Жээнбеков, КСДП саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева, депутат Ирина Карамушкина чакырылган.