16:25, 23 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги тирилчилик техникасы жана азык-түлүк сакталган кампалардан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 21-августта Интергельпо көчөсүндө жайгашкан «Беко» фирмасына таандык кампадан чыккан өрт тууралуу билдирдүү түшкөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт кампанын шыбындагы электр зымдарынын туташуусунан улам келип чыккан. Өрттү өчүрүүгө 8 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Ал эми кечээ кечки саат 18:45 чамасында Ч. Валиханов көчөсүндө өрт чыккан. Анда «Бишкек машина куруу» заводунун 4 кабаттуу имараты күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2 миң 100 чарчы метр. Өрт электр зымдарынын туташуусунан чыккан.
Аталган фактылар Жазык кодексинин 261-беренеси «өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузуу» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.