Бишкекте төкмө акындардын Эл аралык айтышы өтөт

17:18, 23 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 30-31-август күндөрү төкмө акындардын Эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата уюштурулат.

Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Байге фонду 2 миллион сом.