Өзгөн шаарындагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

16:12, 23 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Өзгөн шаарындагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Облустук милиция анын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-августтунда Өзгөн шаарындагы каналдан болжол менен 30-35 жаштагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылган.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, башы тоголок, дене түзүлүшү орто.

Кийими: кара түстөгү бут кийим, көк түстөгү шым, үстүндө ак футболка.