22:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эколог Эмил Шүкүров 82 жаш курагында дүйнө салды

Эколог, биология илимдеринин кандидаты, география илимдеринин доктору, профессор  Эмил Шүкүров 82 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты 24.kg агенттигине анын уулу Эрик Шүкүров тастыктады.

Эмил Шүкүров 1938-жылы туулган.

Ал 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биолог-топурак факультетин артыкчылык менен аяктаган. Ошол эле жылы Москва мамлекеттик университетине аспирантурага тапшырган. 

2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бирок, 2017-жылдын ноябрында ал мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. 

Эң көп окулган жаңылыктар