Чүй облусунда 14 жаштагы өспүрүм кыз изделүүдө

10:38, 23 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда 14 жаштагы өспүрүм кыз изделүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акунова Шахноза Рустамовна 21-августта саат болжол менен 18:00дө Аламедин районундагы Энергетиков көчөсүндөгү үйдөн чыккан бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 150-160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзүнүн өңү кара-күрөң. Кийген кийимдери кызыл өңдөгү спорттук кийим, көк өңдөгү жинсы жана бутунда кара бут кийим.

Маалыматы болгон жарандар 102 кызматына же 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номерине чалып койсо болот.