Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелүүдө

08:53, 23 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 19-сентябрында ИИМдин тергөө кызматына Н.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жактоочуга карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, жактоочу 5 миң 500 долларды алдамчылык жолу менен алып алган.

«Материалдар Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөн. Бирок, көзөмөл органы материалды кайра ИИМге кайтарып, кошумча текшерүүнү уюштуруу үчүн берген. Ушул жылдын 4-январында арыз Бишкек ШИИББнын тергөө кызматына өткөн, «Алдамчылык» беренеси боюнча соттук өндүрүш башталган», -деп айтылат маалыматта.

Икрамидин Айткуловго алдамчылыкка шектенүү тууралуу маалымат берилди. Ал ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.