Аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан курулуш материалдары аныкталды

17:20, 22 августа 2019, Бишкек - 24.kg

«Чалдовар автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунан аткезчилик менен ташылып келе жаткан жүк аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 165 миң сомдук курулуш материалдары, 2 миллион сомго бааланган 1 миң 351 даана унаанын алдыңкы айнеги, 112 миң сомдук 194 куту такма жалаяк жана 3 тонна коон аныкталган.

Жүк ээлеринин тиешелүү документтери жок болуп чыкты.