Депутат Ирина Карамушкинага 7-8-августта Кой-Таш айылындагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында адамдарды барымтага алды деген айып тагышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ирина Карамушкинанын Фейсбукка жазганына караганда, Башкы прокуратура анын Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө макамын Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча шектүү деп өзгөрткөн.
«Адамдарга акча берип, аларды кызматкерлерди сабасын деп дайындаган имишмин», -дейт ал.