Нарындагы жол кырсыгы үч кишинин өмүрүн алды

14:10, 22 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жол кырсыгы катталып, үч киши мерт кетти. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн таңга жуук «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү унаа турак үйдүн короосун сүзүп токтогон. Кесепетинен унаадагы үч киши каза болуп, экөө жаракат алды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.