08:09
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Академия-Лидер» футболдук командасы жол кырсыгына кабылды. Футболчу каза болду

«Академия-Лидер» футболдук командасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кыргыз премьер-лигасынын уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-августта команда мелдештен кийин үйгө кайтып келе жатышкан. Ош-Бишкек жолунан кичи автобус кырсыктап, кесепетинен 22 жаштагы футболчу Илич Иманбеков каза болду.

«Калган балдар ар кандай жаракат алышты, алырдын жашоосу коркунучта эмес», -деп билдиришти уюштуруу комитетинен.

Эң көп окулган жаңылыктар