10:42, 22 августа 2019, Бишкек - 24.kg
2020-жылдан баштап Кыргызстандын 4 шаарында мектепке электрондук түрдө каттоо системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 15-февралынан тарта Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мектептеринде электрондук каттоо башталат.
Учурда электрондук каттоо системасы Бишкекте иштеп жатат. Долбоор ишке киргенден тарта 15,7 миң билдирүү келип түшкөн.