Бишкек мэриясы «Калыс-Ордо» калктуу конушуна бала бакча курат

09:26, 22 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы «Калыс-Ордо» калктуу конушуна бала бакча курат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Маалыматка ылайык, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалагы долбоорду иштеп чыгууга тендер жарыялады. Буга 900 миң сом коротулат.

Бала бакча 140 орундукка эсептелген.