Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран белгисиз затка ууланып каза тапты

16:58, 21 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Санкт-Петербургда кыргызстандык 23 жаштагы жаран белгисиз затка ууланып каза тапты. Бул тууралуу «Невские новости» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, дарыгерлер Фарфоровская көчөсүнөн баш мээси жабыркаган, баш мээси чайкалган жана ууланган жигит келгенин айтышкан. Ал Москва шоссесинде жашап, Петербургда миграциялык каттоодо турбагандыгы аныкталды.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.