Токмок шаарында мечит күйүп кетти

14:36, 21 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарында жайгашкан мечит күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык 21-августка караган түнү болгон.

«Мечит төрөт үйүнүн жанында жайгашкандыктан, кырсык тууралуу билдирүүнү куткаруучуларга түнкү нөөмөттө турган медайымдар айтышкан», — деп жазылат маалыматта.