Президент Нарын облусун кыдырат

13:40, 21 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 21-22-августта иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Региондун инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.