«Электрондук кезек». 48 миңден ашык бала балдар бакчаларына жайгаштырылды

09:46, 21 августа 2019, Бишкек - 24.kg

«Электрондук кезек» программасы ишке киргенден тарта 48 миңден ашык бала балдар бакчаларына жайгаштырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, былтыр мектепке чейинки билим берүү мекемелерине «Электрондук кезек» программасы киргизилген. Анда Бишкек, Ош шаарларынан жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунан ата-энелерден 115 миң 500 билдирүү келип түшкөн. Балдар бакчасына 48 миңден ашык бала жайгаштырылган.

«Учурда, Билим берүү министрлигине Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарлары жана Ысык-Көлдүн облусунан «Электрондук кезек» программасына кошулуу боюнча арыздар түшкөн», -деп айтылат маалыматта.