16:33, 20 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынып салынат. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын көчөлөрүн текшерди.
«Рейдде аталган көчөлөрдөгү тротуарлардын абалы, тазалык, мыйзамсыз курулуштар, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар боюнча жеринде тапшырмалар берилди. Калаа башчысы арыктар өз убагында тазаланбай жана көчөлөр таштандыдан толук арылбай жатканын айтып, тиешелүү ишканалардын ишин сынга алды», - деп жазылат билдирүүдө.