13:41, 20 августа 2019, Бишкек - 24.kg
КСДП саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны Аскер прокуратурасына чакырышты. Бул тууралуу өзү Фейсбукка жазды.
«Саат 14:00гө Аскер прокуратурасынын тергөө иш-чарасына мени чакырышты», -деп жазды ал.
Кундуз Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуя боюнча күбө катары суралууда.