Жолдордун курулушунун кечеңдеш. Унаа жана жолдор министрлигинен түшүндүрмө

10:35, 20 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Жолдордун курулушунун кечеңдеши тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен айтып беришти.

Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловдун айтымында, 2019-жыл- Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, республикалык бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча ири иштер аткарылууда. Биз 139 чакырымга асфальт-бетон төшөшүбүз керек. Иштин 75 пайызы аткарылды. Жол курууда технологияны көзөмөлдөш керек. Мындан тышкары тендердик процедуралар узарып кетти. 20-25-сентябрга чейин программаны аткарабыз», -деди ал.