Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери ишкерден пара талап кылган

10:22, 20 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери ишкерден пара талап кылган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, М.А. аттуу бухгалтер кызмат абалынан пайдаланып, курулуш материалдарын алып келүү боюнча буга чейин утуп алган тендер үчүн 74 миң сом пара талап кылган.

14-августта 40 миң сом алып жаткан жеринен башкы бухгалтер кармалды.