Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 126,4 миллион долларга жетти

10:12, 20 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 126,4 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,4 миллион долларга кыскарды.

Акча которуулардын саны боюнча алдыда Орусиядагы мекендештер турат. Алар 1 миллиард 104,6 миллион доллар которушкан. Кийинки катарда АКШ бар.

6 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандан чет өлкөгө которулган сумма 247,5 миллион долларды түздү.