10:13
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

Өлкөнүн 31 калктуу конуштарына айыл статусу берилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү, анын ичинде Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа калктуу конушу, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун калктуу конушуна айыл статусу берилди.

Нарын областында Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий калктуу конушу, Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы калктуу конушу, Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз калктуу конушу, Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак калктуу конушу, Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушуна айыл статусу берилди.

Ош областында Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият калктуу конушу, Пахта-Абад калктуу конушу, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак калктуу конушу, Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой калктуу конушу, Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө калктуу конушу, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш калктуу конушу, Бел айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушу, Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон калктуу конушу, Бостон калктуу конушу, Чоң-Кыштоо калктуу конушу, Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман калктуу конушу, Он Эки-Мойнок калктуу конушу, Өрнөк калктуу конушу, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушуна айыл макамы берилди.

Талас областында Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу, Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушуна айыл статусу берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар