15:27, 19 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан эт азыктары, чаң соргуч, балдардын оюнчуктары аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 22 жаштагы Т.Н. аттуу кыргызстандык жаран көзөмөл өткөрмө жайынан тышкары 120 кутудагы эт азыгын Өзбекстанга алып өтүп бара жатып кармалган.
Ошондой эле кечээ 28 жаштагы кыргызстандык «Hyundai-Porter» унаасы менен чек арадан 20 даана чаң соргуч жана 3 куту салынган балдар оюнчугун алып өтүп бара жатканда кармалды. Жүктөрдүн баасы 317 миң сомду түздү. Маалыматка таянсак, жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.