ИИМ: Массалык башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бар

13:59, 19 августа 2019, Бишкек - 24.kg

7-8-августтагы массалык башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бар. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык тергөө тобу Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

«16-август күнү Фархад Баабиев Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмүндө (массалык башаламандыкка катышуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды», -деп айтылат маалыматта.