Ошто 19 жаштагы кызды 100 миң сомго сатууга аракет кылган аял кармалды

10:58, 19 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ошто 19 жаштагы жетим кызды 100 миң сомго сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

ШИИББга белгисиз бирөөлөр кызды сатып ала турган кардарларды издеп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, шектүү Жалал-Абал облусунун 42 жаштагы тургуну. Ал кардарларды Оштон издеген. Күч органдарынын кызматкерлери кардар катары аял менен кезигишти. Соодалашуунун жыйынтыгында бааны 50 миң сомго түшүрүштү.

Шектүү кармалды.