Полтавка айылында турак үй өрттөнүп, бир киши каза болду

10:45, 19 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Полтавка айылында турак үй өрттөнүп, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, турак үйдүн 2 бөлмөсү күйүп кеткен.

Окуя болгон жерден 1961-жылы туулган кишинин сөөгү табылды. Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.