09:41, 19 августа 2019, Бишкек - 24.kg
18-августта Ысык-Көлдө Issyk-Kul Swim Challenge эл аралык мелдеши уюштурулду. Ага Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядан келген өкүлдөр катышты. Суучулдар көлдүн түштүк тарабындагы Кара-Талаа айылынан баштап сүзүп түндүк тарапта жайгашкан Тору-Айгырдан чыгышты.
Мелдештин жыйынтыгында Эмил Турусбеков 14 чакырым аралыкты 4 саат 48 мүнөттө келип, 1-орунду алды. Экинчи орунду анын атасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков камсыздады. Ал 5 саат 01 мүнөт убактысы менен келген.
Аталган мелдешке экс-премьер-министр Темир Сариев да катышып, 11-орунга ээ болду.