Чоочун паспорт менен Антальядан Бишкекке келген аял кармалды

15:15, 16 августа 2019, Бишкек - 24.kg

«Манас-аэропорт» көзөмөл өткөрмө жайынан Анталья — Бишкек каттамы менен учуп келген кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Анталья — Бишкек каттамы менен учуп келген Э.Э. аттуу кыргызстандык жаран паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда 1979-жылы туулган Э.Н. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери паспорттогу аялдын сүрөтү менен аны көрсөткөн аял эки башка экенин байкап калышкан.

Шектүү аял кармалып, тийиштүү документтер толтурулгандан кийин УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.