Республикадагы ЖОЖго берилген гранттык орундардын 96 пайызы толтурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 5 миң 705 гранттык орун берилген. Анын ичинен 405 Жалпы тестирлөөдөн жогорку балл алгандарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жетимдерге жана этникалык кыргыздарга берилген.
Биринчи жолу чек-арага жакын жайгашкан райондогу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 165 бюджеттик орун берилди.
Бүгүнкү күндө 175 гранттык орун бош турат. Анын ичинен 20 орун магистратурага бөлүнгөн.