Бишкекте 7 көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү

14:41, 16 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 7 көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкекасфальтсервис» Садыгалиев (Дэн Сяопин проспектисинен Волков көчөсүнө чейин), Осташковская (Дэн Сяопин проспектисинен Орозовго чейин), Чебоксарская (Жибек Жолу проспектисинен Салиевага чейин) оңдоо ишин аяктады.

Дагы 4 көчө: Улан, Кара-Жыгач, Молдокулов, Жумабек пайдаланууга берилди. Ошондой эле, Көк-Жайык, Виноградная, Чокморов көчөлөрүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоодон өттү.