01:50
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин калтырышты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин калтырышты. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту көчмө отурумда кабыл алды.

Жактоочу Сергей Слесарев судья бир канча мыйзамды бузгандыгын айтты.

«Соттук отурум жабык болду, бирок токтомдо ачык өтөт деп айтылган. Тилекке каршы, биринчи инстанциянын чечими күчүндө калды. Соттор Баш мыйзамды бузушту», -деди ал.

Эске салсак, бүгүн УКМКнын имаратында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралды. 

Эң көп окулган жаңылыктар