Раиса Атамбаева тинтүү жана банктык эсептин камакка алынышы тууралуу айтып берди

11:49, 16 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Милиция мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайын атасынын үйүн тинтүүгө алышты. Бул тууралуу Раиса Атамбаева журналисттерге айтты.

Анын билдирүүсүндө, Кой-Таш окуясынан кийин дароо 10 милиция Алмазбек Атамбаевдин кудасынын үйүнө барып тинтишкен.

«Ал жактан эмне издешкен, белгисиз. Балким кандайдыр бир каражат издешкендир. Мындан тышкары «Ала-Арчадагы» биздин үйгө мөөр басылган. Өз буюмдарымды ала албай жатам. Ал үй мамлекеттик бюджеттен эмес, үй-бүлөлүк каражаттан курулган. Балким Кой-Таштагы үйдү дагы мөөр басып бекитип коюшат», -деди Раиса Атамбаева.

Ал кошумчалагандай, тергөө органдары 2012-жылы ачылган банктык эсебин камакка алышкан. Ошондой эле Раиса Атамбаеванын айлыгы салынып турган банктык эсеп камакка алынган.