17:01, 15 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Жайдын келиши менен көпчүлүк аптаптуу жерден качып, салкын жайларга- тоо койнуна же көл жээгине барып эс алууну каалашат. Мындай учурда куткаруучулар чоңдорду балдарына тыкыр көз салып, аларды суу жээгине таштап кетпөөгө чакырышат. Ал тургай ӨКМнын эскертүү жазылган такталары кооптуу делген жерлерге илинип, атайын белгилер орнотулат.
Жыл сайын ӨКМ баардык жарандарга сууга түшүүгө шарты жок жайлар — көлмө, жасалма көлмө, каналдар, дарыялар жана башка суу объектилерине, «Кооптуу!», «Сууга түшүүгө тыюу салынат!», «Чумкууга тыюу салынат!» деген белгилер коюлган жерлерге, мас абалында сууга түшүүгө, балдарды кароосуз калтырууга, чектөө киргизилген чийиндерден өтүп сүзүүгө, мотору бар кайыктарга, кемелерге жана башка каражаттардын жанына сүзүп барууга, куткаруучу каражаттарды туура эмес колдонууга, тереңдиги, абалы белгисиз сууларга секирүүгө, сууда түрдүү оюндарды уюштурууга, сууга сүзүү үчүн унаанын тетиктерин, үйлөмө матрацтарды, тактайларды жана башка ушул сыяктуу буюмдарды колдонууга, пляжга итти же башка жаныбарларды алып келүүгө, таштанды таштоого тыюу салып, эскертүү берет.
Бирок, жаш балдар эмес кээде чондор деле эскертүүгө маани бербей, жыйынтыгы кырсык менен аяктап жатат. Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда сууга чөгүү фактылары көп катталууда. Буга жогоруда айтылган эскертүүлөр эске алынбагандыгы себеп болууда.
Быйыл жыл башынан бери өлкө боюнча 50гө жакын киши чөгүп кеткен. Алардын он беши −12 жашка чейинки балдар.
Жыл сайын ӨКМ тарабынан атайын жумушчу топ түзүлүп, туристтик сезондо куткаруу иш-чараларын жүргүзүшөт. Муну менен катары 200гө жакын куткаруучу окутулат.
Көлгө гана эмес, жасалма көлмөлөргө, агын сууга аккан жаш балдар бар.
Алсак, ушул жылдын 28-январында Бишкектеги Чоң Чүй каналына 3 жашар кыз түшүп кеткен. 15-майда аталган каналга 8 жашар бала чөккөн. 17-майда Ошто каналдагы сууга 8 жашар бала чөгүп, 21-майда Чүйдө 4 жашар бала каналдагы сууга агып кеткен. Ошондой эле 24-июнда тоодогу агын суунун жанынан 16 жаштагы кыз сүрөткө түшүп жатып чөгүп кеткен.