Прокурордун өлүмү. Мелис Калыков ачкачылыкты токтотту

15:11, 15 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү делген Мелис Калыков ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу ЖАМК билдирди.

Эске салсак, 6-августта Мелис Калыков ачкачылык жарыялаган.

Учурда ал Ош шаарындагы № 25 ЖАМКта кармалууда.

14-августта ал ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотуу тууралуу билдирүү жазган. Мекеменин администрациясына эч кандай доосу жок экенин дагы билдирген.

Эске салсак, айыпталуучу Мелис Калыков кечээ ачкачылык жарыялаганын 24.kg агенттигине анын эжеси Дамира Калыкова билдирди.Айтымында, ачкачылык акциясы -милиция, прокурор жана соттун зулумдугуна каршы багытталган.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.