17:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ӨКМ: Тоңдо 4 үйдүн чарбагын сел каптады

Кечээ Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, дамбаны бузуп 4 үйдүн чарбагын каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын кесепетинен ички чарбалык көпүрөгө жана Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 57-чакырымындагы көпүрөгө коркунуч жаралган.

Кесепетти жоюуга куткаруучулар, 3 жүктөгүч, 2 самосвал тартылды. Тартылган техникалардын жардамында дамбаны бекемдөө жана суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума