Бишкекте 7 жашар баланын колуна тосмонун учтуу темири сайылып калды

11:55, 15 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 7 жашар баланын колуна тосмонун учтуу темири сайылып калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Жал кичи районундагы № 80 үйдүн жанында болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, баланын колунан темирди чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.