14:49, 14 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган Д.П. Казакстанга чек арадан алыс жайгашкан аймактан кирүүгө аракет жасаган.
Шектүү кармалып, тиеешелүү документтер толтурулду.