№ 6 автобустук каттам «Тунгуч» кичи районуна чейин узартылды

14:25, 14 августа 2019, Бишкек - 24.kg

№ 6 автобустук каттам «Тунгуч» кичи районуна чейин узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, мындан ары аталган коомдук унаа «Көк-Жар» жаңы конушунан Достоевский көчөсү боюнча Анкарага, андан ары «Тунгуч» кичи районуна чейин жүрөт.

Буга чейин автобус «Ак-Ордодон» «Көк-Жарга» чейин каттап турчу.