13:57, 14 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-августта «Туризм тармагын өнүктүрүү чаралары тууралуу» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта 20 өлкөнүн жарандары үчүн өлкөгө 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүндүгү берилет. Алар:
Жарлыктын максаты — туризм тармагындагы реформаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу, туристтик инфраструктурага байланышкан маселелерди чечүү аркылуу өлкөгө келген туристтердин агымын көбөйтүү, кызматтардын сапатын арттыруу, улуттук туристтик продукцияны дүйнө базарына чыгаруу, туризм тармагындагы кадр потенциалын жогорулатуу жана 2019-2025-жылдары туризмди өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу болуп эсептелет.