Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт

10:30, 14 августа 2019, Бишкек - 24.kg

15-16-август күндөрү Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде берилбейт:

  • Киев, Тоголок Молдо, Токтогул, Исанов көчөлөрү менен чектеш аймакта;
  • 14-15-августта Кант шаарында (Гагарин, 13а, 14а, 15а, 19а, 19б);
  • 15-августта Токмак шаарында (Татар, Казахстан, Береговая, Пролетарская, Интернациональная, Өзбек).