Алматы-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 5 киши каза болду

09:59, 14 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Алматы-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 5 киши каза болду. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазды.

Кырсык кечээ катталган.

«Кырсык Алматы-Бишкек унаа жолунун 86-чакырымында болгон. «Mazda 626» үлгүсүндөгү унаа менен «Shacman» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жеңил унаадагы 3 жаш бала сыртка ыргып кеткен. Дагы чоң 2 киши набыт болду», -деп жазылат билдирүүдө.