Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду

17:39, 13 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн ИИМдин борбордук аппаратына жана офицердик курамга ведомствонун жаңы орун басарын тааныштырышты. ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Памир Асанов жаңы орун басар болуп дайындалды.

Курсан Асановдун кызматтан кетүү себеби белгисиз.