Кара-Көл шаарында оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти

13:50, 13 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кара-Көл шаарында оор жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт транспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам чыккан.

Кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 397-чакырымында болгон.