01:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Орозбек Опумбаев: Төңкөрүш жасаш үчүн Алмазбек Атамбаев кан төгүшү керек болчу

Өлкөдө төңкөрүш жасаш үчүн Алмазбек Атамбаев кан төгүшү керек болчу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйында айтты.

«Ал тергөө башкармалыгынын башчысын үйүнө киргизген жок. Ал айланасына аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды жыйнап, ар бирине миң сомдон 3 миң сомго чейин төлөп турган. Бул милиция келгенде кагылыш кылыш үчүн уюштурулган», -деди Орозбек Опумбаев.

Ал Атамбаевди алып келүүгө 5 вариант болгонун айтты.

«Биринчи вариант эң оптималдуу болчу. Биз аны ишке ашырдык. Бизге күтүлбөгөндүк керек болчу. 7-августта Балыкчыда «Гром-19» эл аралык операция өтүп жаткан. «Альфанын» жарымы ал жакка кеткен. Жарымы тапшырмаларды аткарып жаткан, муну Атамбаевдин штабы билген эмес. 5 кызматкер томодон секирип өтүшкөн. Аларга дароо эле таш ыргыта башташкан. Атамбаев коен сымал жашынып калган», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар