Кадыр Атамбаев: Кой-Таш окуясы бийлик тарабынан уюштурулган чагымчылдык

11:20, 13 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кой-Таштагы окуяны бийлик тарабынан уюштурулган чагымчылдык деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Новые лица» гезитине берген маегинде айткан.

«Бул атайын уюштурулган чагымчылдык деп ишенем. Баарын атамдын мойнуна илгидей кылып ушунчалык так пландаштырылган», -деди ал.

Ал бул версияга тиешелүү дагы бир аргумент катары Алмазбек Атамбаевди зордоп кармоо үчүн тандалган убакытты дагы атап өттү.

«Басып алуу үчүн тандалган убакыт... Бул убакытта элдин көбү чогула турганын көбү билет», -деп кошумчалады Кадыр Атамбаев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы мурунку президент эл менен жолугушууга чыкканда башталган.