Бишкекте 2 троллейбустук маршрут убактылуу токтотулат

08:53, 13 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу 2 троллейбустук маршрут убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбустук башкармалыгы Фейсбукка жарыялады.

Маалыматка караганда, 14-августтан тарта Москва көчөсүнүн бир бөлүгү- Манас кең көчөсүнөн Жаш Гвардия Бульварына чейинки аймак оңдоо иштерине карата жабылат.

«№ 9,10 маршруттар убактылуу токтотулат, ал эми № 4 жана № 8 троллейбустар Киев көчөсү боюнча Бейшеналиевага чейин жүрөт. № 6 троллейбус «Асанбай» кичи районуна чейин каттайт», -деп айтылат маалыматта.